Баткенде ымыркайын мечитке таштап кеткен 16 жаштагы эне кармалды

Баткен облустук милициясы.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке ымыркайын таштап кеткен эне табылганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 10-январда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну аныкталып, кармалды. Ушул тапта тергөө иштери уланууда.

3-январда Кызыл-Кыя шаарындагы “Аль-Гуфран” атындагы мечитке эртең менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда мечиттин ичинде ак шейшепке оролгон эркек бала табылган.

Бул факт Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталган. Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу. (BTo)

Дагы караңыз

Нурсултан Назарбаевдин аты коюлган мунай танкери АКШнын санкциясына кабылдыЫсык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү сунушталдыБишкек жана Чүйдөгү 47 калктуу конуш газдаштырылды Түрк мамлекеттер уюму дүйнөлүк туризмди өнүктүрүү долбоорлорун сүрөйтМамлекеттик ипотеканын акчасын үч ай төлөбөгөндөрдүн батири алынат Нью-Йорк соту Трампты алдамчылык иши боюнча күнөөлүү деп таап, жаза чегерген жок АКШ - Мексика чек арасында "Вагнердин" мурдагы жалданма жоокери кармалды