Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилген орусиялык мунай танкерине АКШнын Каржы министрлиги санкция салды.
Бул АКШ 10-январда Москванын мунай кирешелерине багытталган жана Орусиянын мунай-газ тармагындагы негизги оюнчуларына таасир этүүчү жаңы чектөөлөрдү киргизгенден кийин белгилүү болду.
Нурсултан Назарбаевдин аты коюлган танкер орусиялык мунай ташыган 180ден ашуун кеме менен бирге санкциялык тизмеге кирген. Танкер “Газпром нефть” компаниясынын туунду ишканасы “Роснефтефлотко” таандык.
АКШнын Орусияга санкциялардын жаңы пакетинин киргизилиши өткөн жылдын декабрынан бери күтүлүп жаткан. Чектөөлөр Орусиянын энергетика тармагына каршы эң катаал чаралар катары сыпатталган жана орус мунай экспортуна олуттуу сокку урушу мүмкүн.
Нурсултан Назарбаев атындагы мунай танкери Орусиянын “Звезда” кеме куруучу комплексинде жасалган. Анын аты 2020-жылдын 6-июлунда Казакстандын биринчи президентинин 80 жылдыгынын урматына коюлган. (BTo)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү сунушталдыБишкек жана Чүйдөгү 47 калктуу конуш газдаштырылды Түрк мамлекеттер уюму дүйнөлүк туризмди өнүктүрүү долбоорлорун сүрөйтМамлекеттик ипотеканын акчасын үч ай төлөбөгөндөрдүн батири алынат Нью-Йорк соту Трампты алдамчылык иши боюнча күнөөлүү деп таап, жаза чегерген жок