Москва Украинага согуш ачкандан бери фронтто Орусия тарапта согушкан 88 миңден көп аскер набыт болгонун журналисттер такташты. "Би-Би-Синин" орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы ыктыярчылар менен биргеликте жүргүзгөн эсепке ылайык, орус армиясы согушта алты миңден көп тандалма аскеринен ажырады. Бул категорияга журналисттер аба-десанттык бөлүктөрдү, деңиз аскерлерин, Коргоо министрлигине жана Росгвардияга караштуу атайын бөлүктөрдү, аскер учкучтарын киргизишкен. Алардын арасынан баарынан көп жоготууга аба-десанттык бөлүктөр учураган.
Андан тышкары Башкы штабдын негизги башкармалыгына (ГРУ) караштуу атайын кызматтын 580 аскери окко учкан. Алардын ар бир бешинчиси офицер болгон. "Би-Би-Си" белгилегендей, бул бөлүктүн аскерлерин даярдоого бир нече жыл сарпталат.
Ошондой эле кеминде 267 учкучтун өмүрү кыйылганы аныкталды. Журналисттер бул маалыматтарды ачык булактардан, көрүстөндөрдөн, жарыяланган некрологдордон топтошкон. Алар согушта өлгөндөрдүн реалдуу саны мындан алда канча жогору экенин белгилешет. Анткени соңку айларда набыт болгондордун сөөгү дагы эле согуш талааларында жаткан болушу мүмкүн.
Москва менен Киев согуштагы жоготуулары тууралуу так маалымат берүүдөн карманып келишет.
Буга чейин "Медиазонанын" жана "Би-Би-Синин" орус кызматынын жардамы менен "Азаттык" Украинадагы согушта өлгөн теги кыргызстандыктардын аты-жөнүн тактаган.
Дагы караңыз
Соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Айтилек Орозбеков боюнча өкүм чыктыТрамп Путин менен жолугушууга даярдык жүрүп жатканын айттыМамлекеттик ипотеканын акчасын үч ай төлөбөгөндөрдүн батири алынат