Беш жылга кесилген журналист Ишенбеков №8 абакка которулду

Азамат Ишенбеков.

“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, беш жылга эркинен ажыратылган Азамат Ишенбеков Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айлындагы №8 абакка которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” журналисттин адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Алты жылга кесилген дагы бир журналист, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына которулган.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда чечимди күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза да күчүндө калган.

Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

Былтыр 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov LIVE баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Күйүүчү май Орусияда дүң баа түшкөнү үчүн арзандадыЛос-Анжелесте өрттөн набыт болгондордун саны онго жеттиУкраин парламенти черкестердин геноцидин тааныдыИпотека акчасын үч ай төлөбөгөндөрдүн батири алынат Тегеран италиялык журналист Чечилия Саланын камалганын ырастадыАбхазиядан, Армениядан келген автоунаалар алты ай ичинде мыйзамдаштырылатБишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму болбой калдыИИМ "апасын өлтүргөн" деп издөөдө жүргөн адамга жасалма паспорт берилгенин билдирди