9-январь күнү Кыргызстандагы айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы литрине орто эсеп менен 3 сомго арзандады.
"Нефтетрейдерлер" ассоциациясы баа Орусияда күйүүчү майдын дүң баасы төмөндөгөнүнө байланыштуу түшкөнүн маалымдады.
Уюмдун президенти Канат Эшатовдун сөзүнө караганда, Орусияда баа жыл сайын ар бир жылдын аягында төмөндөйт.
"Орусияда жыл сайын декабрь айында күйүүчү майдын баасы төмөндөйт. Ошондон улам биз дагы күйүүчү майдын чекене баасын орто эсеп менен үч сомго арзандаттык", - деди Эшатов.
Соцтармактардагы маалыматтарга караганда, күйүүчү майдын баасы айрым гана компанияларда ылдыйлап, кээ бирөөлөрүндө өзгөрүү болгон эмес.
"Азаттык" Бишкектеги бир нече май куюучу компания менен байланышып, баа негизинен А-92 үлгүсүндөгү бензинге төмөндөгөнүн аныктады. Bishkek Petroleum ишканасынын май куюучу бекеттери А-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литрин 61 сом 90 тыйындан сатып жатат. "ГазпромнефтьАзия" компаниясы 92-үлгүдөгү бензинди 62 сом 40 тыйындан сатууда. Арзандатылган күйүүчү май компанияга таандык айрым гана май бекеттеринде сатылып жатат. Red Petroleum жана "Роснефть" компанияларында баа өзгөрө элек.
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жыл аягында күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда былтыр январь айынан бери орто эсеп менен 3-4 сомго көтөрүлгөнүн билдирген.
Былтыр 1-октябрдан тартып Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркалоо ыкмасы киргизилип, ага байланыштуу ар бир литр күйүүчү майга кеминде 37 тыйын кошулган. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен 1-январдан тартып күйүүчү майдын жана газдын баасына жолго төлөнүүчү салык (1 сом) да кошулары кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Украин парламенти черкестердин геноцидин тааныдыИпотека акчасын үч ай төлөбөгөндөрдүн батири алынат 11-январдын аба ырайы: Күн ачык болотТегеран италиялык журналист Чечилия Саланын камалганын ырастадыАбхазиядан, Армениядан келген автоунаалар алты ай ичинде мыйзамдаштырылат