Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ички жобосу боюнча ипотекага үй алган адам каражатты үч ай төлөбөсө, келишим жокко чыгарылып, батир мамлекетке алынат. Бул тууралуу компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 10-январда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты.
“Акчаны эмне себептеп төлөй албай калганын, ага эмне таасир эткенин териштирип, 90 күндүн ичинде кардар менен иш алып барабыз. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Кардар төлөмдү өткөрүп жиберсе, ага чейин төлөгөн каражаты да кайтарылбайт”, - деди ал.
Буга чейин президент Садыр Жапаров да Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак жай алгандар акчаны өз убагында төлөп турушу керектигин билдирген. Мамлекет башчы кирешеси чектелүү экенине карабай дароо 2-3 бөлмөлүү батир алып алгандар бар экенин айтып, айлыгы аз, туруктуу жумушу жокторду биринчи бир бөлмөлүү батир алып турууга чакырган.
“Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коёт. Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт”, - деп айткан ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курганн маегинде.
Былтыр 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүнө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир, 24-декабрда №47 түзөтүү колониясынын ордуна түшкөн “Мурас” турак жай комплексинен 510 батир ээлерине берилген.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул тапта 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.
Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштаарын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму болбой калдыИИМ "апасын өлтүргөн" деп издөөдө жүргөн адамга жасалма паспорт берилгенин билдирдиБишкек–Нарын–Торугарт жолунда унаа ташыган автотрейлер күйүп кеттиТИМ: Лос-Анжелестеги өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жокГрек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктадыИИМ: Министрдин орун басарынын айдоочусу жана тергөөчү УКМКда сурак берип чыктыАбхазиядан, Армениядан келген автоунаалар алты ай ичинде мыйзамдаштырылат