“Сапаттын” “Маарифке” өтүшү: Министрликтин кепилдиги, ата-энелердин тынчсыздануусу

Сапат” билим берүү мекемесине таандык Кыргызстандагы мектеп-лицейлердин бир бөлүгү. "Азаттыктын" коллажы.

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү тууралуу билдирүү таратып, лицей-мектептерде окутуу мурдагыдай эле улантыларын жана мугалимдер кадимкидей иштей берерин маалымдады. “Сапат” “Маарифке” өткөрүлөрү 31-декабрда маалым болгон.

“Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчилиги алгач муну “мыйзам бузуу” деп атап, кийин мүлкүн тапшырганын жарыялаган. Кыргызстанда бул окуянын тегерегиндеги талкуу уланууда.

"Иши үзгүлтүккө учурабайт"

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемеси “Маариф” фондуна өткөнү тууралуу кабар чыккандан он күндөн кийин гана үн катып, жагдайды комментарийледи.

9-январдагы билдирүүсүндө тармактык мекеме Министрлер кабинетинин позициясын кайталап, бул чечим аталган лицей-мектептерде “билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын жакшыртат деген ишеничте кабыл алынганын” маалымдады.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемелер тармагынын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өтүшү билим берүү мекемелеринин ишмердигин үзгүлтүккө учуратпайт. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, предметтик стандарттарга, базистик окуу пландарына жана окуу программаларына ылайык окутуу процесси уюштурулат. Тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот”, – деп айтылат Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүндө.

Министрликтин жетекчилиги “Маариф” фондунун өкүлдөрү менен жолугуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагында “билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин айтканы” да кабарланат.

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “Сапат” 30-декабрда кайра каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулду. Кожоюндардын катарында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги да бар.

Кыргыз өкмөтү ошол эле күнү өз сайтында маалымат таратып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Маариф” фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан менен жолугушканын билдирген. Байсалов ал жолугушууда “Сапатты” “Маарифке” өткөрүү чечимин “студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктары” менен байланыштырган.

Эдил Байсалов “Маариф” фондунун жетекчилери менен жолугушту. 31-декабрь, 2024-жыл.

“Сапат” билим берүү мекемеси 1-январда маалымат таратып, өз лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө “мыйзам бузуу болгонун” билдирген жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” кабарлаган.

“Сапат” билим берүү мекемесинин эн белгиси.

“Буга чейин соттун чечими аркылуу “Сапаттын” төрт түзүүчүсүнүн бири болгон Орхан Инанды негиздөөчүлөрдүн курамынан чыгарылган. Ал эми экинчи түзүүчүсү М. Ж. өз ыктыяры менен “түзүүчүлүктөн баш тартты” делген. Ошону менен “Сапаттын” түзүүчүлөрүнүн курамында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен дагы бир түзүүчү А.С. калган. Билим берүү жана илим министрлиги А.С. мырзаны түзүүчүлөрдүн курамынан чыгаруу үчүн сотко кайрылган. Сот аталган ишти 2024-жылдын 30-декабрына белгилеп, бирок А.С. мырзанын башка мамлекетте болгондугуна байланыштуу ишти кароону 2025-жылдын 21-январына жылдырган. Тагыраак айтканда, А.С. мырзанын түзүүчү катары укугу мыйзам түрүндө уланып жаткан. Кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду”, – деп айтылган ошол маалдагы билдирүүдө.

2-январда “Сапат” бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маариф” фондуна өткөрүп бергенин расмий кабарлады. Тагыраагы, "Маарифке" 43 мектеп, бир университет жана бир административдик имарат өттү.

Бул аралыкта балдары “Сапатта” окуган ата-энелер социалдык тармактарда Билим берүү жана илим министрлигинен түшүндүрмө талап кылып, айрымдары ал тургай министр Догдуркүл Кендирбаеваны Фейсбукта белгилеп, пикирин сурап жатышты. Алардын көбү мектептерде билим берүү мындан ары кандай жүрөрүнө, мугалимдердин ишине жана башка жагдайларга кабатыр болушууда.

Ата-энелердин бири Улан Исаков "Азаттыкка" берген интервьюсунда буларга токтолду:

Улан Исаков

"Эми ар бир келген адам эле “өзүнүн системасын киргизем, муну жаңылайм, тигини жаңылайм” дей берет эмеспи. Ата-энелер да мына ушуну ойлонуп, жаңы системасы, окутуусу кандай болот деп ойлонуп жатышат да. Олимпиадага катышуу, жатак мектеп системасы, мугалимдердин мотивациясы жана башка маселелер боюнча да күмөн ойлор жаралды. “Сур эчкига жан кайгы болсо, касапчыга эт кайгы” болуп биз Ватсапптагы тайпаларда талкуу кылып жаттык. Анан эки-үч күн мурда “Маариф” фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан мырза менен жолугуп, маселени кабыргасынан коюп, ата-эне катары суроолорумду бердим. “Силерге өтүптүр. Окуу процесси кандай болот? Балдарды кандай кылалы?” деп сурадым. Ал “Жолугушууларды өткөрүп жатам, “Сапаттын” мурдагы кадрлары, системасы кала берет” деп убада берди”.

Эмне үчүн ушул маалда өттү?

“Сапат”, же алгачкы аты “Себат” лицейлеринин Кыргызстандагы тарыхы токсонунчу жылдарга барып такалат.

Мекеменин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды мурдараак “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдиргендей, Түркиянын ошол учурдагы президенти Тургут Озал “Себаттын” жетекчилерине жана башка түрк ишкерлерге кайрылып, жаңыдан эгемендик алган боордош өлкөлөргө – Кыргызстанга, Өзбекстанга, Түркмөнстанга, Азербайжанга жардам берүүгө чакырык жасайт.

“Себат” сунушту кабыл алып, 1992-жылы Кыргызстанда үч лицей ачып, ишин баштайт. Алгачкы жылдары окутуу акысыз болуп турат. Токсонунчу жылдардагы кризистин айынан мамлекеттик мектептерде билим берүү начардыгынанбы, айтор, “түрк лицейлери” популярдуу болуп кетет. Анын окуучулары жергиликтүү жана эл аралык сынактарда ийгиликке жетишип, окуу жайларга жеңил өтө баштайт.

Информатика сабагы боюнча эл аралык Info(1)Cup олимпиадасында эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучусу Айдар Мундузбаев алтын медаль утуп алган. Сүрөттө кыргызстандык команданын мүчөлөрү. 2022-жыл.

Акырындан окууга акы киргизилип, мектептердин саны көбөйтүлөт. Кийинки жылдары төлөмдүн суммасы кеминде 3-4 миң долларды түзүп, англисче окуткан мектептердин жылдык акысы 9-10 миң долларга чейин жеткен.

Маселенин баары 2016-жылы башталган. Так ошол жылы 15-июлда Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, анын жүрүшүндө 250дөй адам каза табат. Президент Режеп Тайып Эрдогандын администрациясы ишке ашпай калган төңкөрүштү ошол учурда “АКШда бозгунда жүргөн Фетхулла Гүлендин тарапкерлери жасады” деп айыптап чыгат. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери бул дооматтарды четке каккан.

Мындан кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген, Кыргызстандын аймагында жайгашкан билим берүү мекемелерин жабууну кыргыз бийлигинен талап кылган.

Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаев буга каршы жооп берип, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында “Себат” лицелерйин “Сапат” деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган.

Режеп Тайып Эрдоган маселени 2017-жылы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда улам-улам коюп турган. Түрк президенти 2020-жылдан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаровго да бир нече жолу талабын угузган.

Мунун фонунда 2021-жылы “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири жана президенти Орхан Инанды Кыргызстандан табышмактуу жагдайда уурдалып, кийин Түркияга жеткирилгени билинген жана ал ошол жакта сот жообуна тартылган.

Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу Бишкекте өткөн нааразылыктар. 16-июнь, 2021-жыл.

Ортодо Гүлендин тарапкерлерине таандык делген Бишкектеги Kaynak (“Кайнак”) дүкөндөр тармагы, “Вефа” соода борбору жана башка мүлк да Түркиянын өкмөттүк мекемелерине өтүп кетти.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай мына ушундан соң “Сапаттын” “Маарифке” өткөрүлүшүнүн артында "саясий соода" бар деп белгилейт:

Алмаз Тажыбай

“Эрдоган менен Гүлен башында үзөңгүлөш болуп жүрүшкөнү баарына маалым. Кийин саясий пикир келишпестиктен жана диний маселелерден улам экөө эки лагерге бөлүнүп калган. Ошондуктан мында алардын ички жеке чыр-чатагы гана бар. Алардын жеке күрөшү алгач мамлекеттин ичинде тирешке алып келип, соңунда эл аралык деңгээлге чыгып калды. Жеке өч алуу үчүн Эрдоган Гүлендин алгач Түркиянын ичиндеги, кийин башка өлкөлөрдөгү мектептерин жаап, өзүнө алып келатат. Бул үчүн алар “Себат” мектептери жайгашкан өлкөлөргө ар кандай басым көрсөтүштү, түрдүүчө курал катары колдонушту. Түркия Кыргызстандын буга чейинки бийлигине таасир этүүгө канчалык аракет кылса да максатына жете алган эмес. Эгер “Сапат” мектептерин берүүгө чечим чыгып жаткан болсо, демек, түрк тарап кыргыз тарапка таасир этүүнүн “жолун” тапты десек болот”.

Фейсбукта жана башка социалдык түйүндөрдөгү соңку талкууларда да көпчүлүк “Сапат” билим берүү мекемесинин капыстан “Маариф” фондуна өткөрүлүшүнүн себептерин издеп, түрдүү жоромолдорду келтирүүдө. Анын ичинде Кыргызстан соңку жылдары Түркиядан алган аскердик, каржылык жана башка жардам себеп катары каралууда.

Айталы, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 2021-жылкы жана 2022-жылкы чек ара окуясынан кийин Бишкек коргонуусун чыңдап, Түркиянын "Байрактар TB2", "Аксүнгүр" жана "Акынжы" сыяктуу дрондорун сатып алган. Бул катардагы эле соода сыяктуу көрүнгөнү менен Анкара өзүнүн мындай технологиясын өлкөлөрдү ылгап сатары белгилүү.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Бишкек, Кыргызстан. 5-ноябрь, 2024-жыл.

2024-жылдын ноябрында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен Бишкекке келип, “Ынтымак Ордого” кирген чет элдик алгачкы жогорку жетекчи болуп калды. Бул жолугушууда Түркия Кыргызстандын 62 миллион доллар карызын жашыл экономикалык долбоорлор үчүн кечкени маалым болгон.

Саясатчы жана активист Мавлян Аскарбеков “Сапатка” байланыштуу соңку чечимдер мына ошондон эки айдан кийин кабыл алынып жатканында “кандайдыр бир сыр бар” дейт:

Мавлян Аскарбеков

"Инанды мырзанын уурдалып, Түркияга чыгарылып кеткени деле акылга сыйгыс окуя болуп калган. Эми болсо “Сапат” лицейлеринин өзү берилиптир. Эмнеге ушундай болуп кеткенин азыр эч ким так айта албайт. Коомчулук анын жообун жакынкы келечекте гана алат деген ойдомун. Бирок ошол эле “Байрактардын” берилиши жана карыздын кечилиши сыяктуу окуяларды Түркия тарап “далыга таптоо” же “сөзгө келтирүү” чарасы катары колдонгон сыяктуу. Мында анык эле Эрдогандын бийлигинин кызыкчылыгы иштеп жатат. Кыргызстан суверендүү мамлекет болуп туруп ушундай окуяларга жол берип коюп жатканы эң өкүнүчтүү. Идеалында эгемен өлкө өзүнүн кызыкчылыгын коргош керек эле, адам укугу жана менчик укугу биринчи кезекте турушу керек. Тилекке каршы, биз күбө болгон процессте андай болбой калды".

Түркиянын бийлиги “Себат” же “Сапат” билим берүү мекемелеринин артында диний ишмер Фетхулла Гүлен турарын айтканы менен ал мекеме Кыргызстанда катталган маалда эч качан негиздөөчүлөрдүн катарында болгон эмес. “Сапат” тармагы да аларды Гүлен каржылаганын четке кагып келген.

АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен быйыл 20-октябрда дүйнөдөн өткөн.

Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.