“Азербайжан аба жолдору” Бакудан Казанга каттамдарды токтотот

“Азербайжан аба жолдору” компаниясынын учагы Москвадагы аэропортто. Иллюстрация.

“Азербайжан аба жолдору” (AZAL) авиакомпаниясы Бакудан Орусиянын Казан шаарына жана ал жактан башкалаага каттамдарды белгисиз мөөнөткө токтотуп жатат. Маалыматка ылайык, мындай чечим Татарстандын борборунун аба мейкиндиги улам жабылып жаткандыктан, коопсуздукту камсыздоо кыйын болгондугу үчүн кабыл алынды.

Буга чейин ушундай эле себеп менен AZAL Сочи, Грозный, Махачкала, Минеральные Воды, Владикавказ, Нижний Новгород, Самара, Саратов, Уфа жана Волгоград шаарларына аба каттамын токтоткон. Баку–Москва каттамы мурдагыдай эле аткарылып жатат.

25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен башкалаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган. Кырсыкта 38 киши каза тапкан.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.

Орусиянын Тергөө комитети кылмыш иш ачкан. Кырсыкты Казакстандын, Азербайжандын жана Орусиянын адистери иликтеп жатышат.

Дагы караңыз

Запорожьеде орус армиясынын соккусунан жарадар болгондор 113 кишиге жеттиАрмения өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырдыӨзбекстанда экстремисттик деген онлайн материалдардын тизмеси кеңейди