9-январь күнү саат 11:32де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда үч баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 32 чакырым, Чапай, Фрунзе айылдарынан үч, Ноокат айылынан беш чакырым жерде болгон. Аталган айылдарда силкинүүнүн күчү үч балл болуп сезилген.
Бул жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын аймагында катталган экинчи силкинүү. 4-январь күнү Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жана Чүй облусунун аймагында үч баллга жеткен жер титирөө болгону кабарланган.(ZKo)
Дагы караңыз
10-январдын аба ырайы: Күн ачык болотЖогорку Кеңештин кызматкерлеринин Жаңы жылдык кечесиндеги чыр боюнча кылмыш иши козголдуМилиция “өз атасы кызын зордуктаган” деген маалыматты териштирип жататМинистрлик “Сапаттын” мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин билдирдиОрусияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандарына укуктук жардам керектиги айтылды