Транспорт жана байланыш министрлиги: Ашууларда жол ачык

Ашууларда жол тазалоо иштери. Январь, 2025. Транспорт жана байланыш министрлигинин сүрөтү.

9-январга карата өлкөнүн бардык ашууларында жол ачык. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, жолдорду “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары кардан тазалап, кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүүдө.

Министрлик автоунаа айдоочуларын кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана тоолуу жолдорго керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырууда.

Аба ырайынын кескин өзгөрүп, тоолорго калың кар түшүүсүнөн улам январдын башында Төө-Ашуу, Өтмөк, Талдык жана башка ашууларда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Аба ырайынын турукташуусунан улам чектөөлөр алынганы кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

10-январдын аба ырайы: Күн ачык болотЖогорку Кеңештин кызматкерлеринин Жаңы жылдык кечесиндеги чыр боюнча кылмыш иши козголдуМилиция “өз атасы кызын зордуктаган” деген маалыматты териштирип жатат“Кылым банк” кайсы багытта иштейт? Мамлекеттик жаңы банк түзүү аракети