Өткөн жылы Орусиядан "миграциялык эрежелерди бузду" деп 80 миңден ашуун келгин чыгарылган, алардын 23 миңи Москва шаарындагы жана Москва облусундагы соттордун чечими менен депортацияланган.
ТАСС агенттиги Соттук приставдардын федералдык кызматындагы (ФССП) булактарга шилтеме берип жазгандай, 2023-жылы өлкөдөн 44 миңден ашуун чет элдик жана жарандыгы жок киши чыгарылган. Андан мурунку жылы соттор ошондой 26,6 миң чечим чыгарган.
Былтыр мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерт залындагы теракттан кийин Орусияда эмгек мигранттарына каршы саясат катаалдады. Орус бийлиги кол салууга тажик жарандарын айыптаган.
Эмгек мигранттарын кармоо, аскердик каттоого коюу, башка кысым-басым учурлары көбөйдү.
Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин реестри түзүлүүдө. Ал тизмеге түшүп калгандарга банк кызматынан пайдаланууга, унаа айдоого, мүлкүн каттоого, никеге турууга же расмий ажырашууга, балдарын мектеп же бала бакчага киргизүүгө уруксат берилбейт.
2023-жылы чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтикалык тармактарда, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташуу кызматтарында иштөөгө тыюу салууну караган мыйзам долбоору Мамлекеттик думага сунуш кылынган. Бир катар региондордо келгиндерге башка тармактарда да иштөөгө болбойт.
Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой өлкөдө 6 миллион 174 миң чет элдик жаран бар экенин билдирген. Алардын көбү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Беларуска туура келет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант жүргөнү аныкталган.
Дагы караңыз
УКМК: Ак-Өргөөдө курулуп жаткан үйдөн 15 батир мамлекетке алындыУкраина: Херсондо орусиялык дрон соккусунан үч киши жабыркады Саратовдо стратегиялык мунай базасы өрттөнүп жатканы кабарланды