Украина: Херсондо орусиялык дрон соккусунан үч киши жабыркады

Иллюстрация

Орусиянын аскерлери 8-январда эртең менен Херсон облусунун бир нече районуна сокку урганын аймактын администрациясы билдирди. Маалыматка караганда, үч жергиликтүү киши жаракат алды. Бирөө контузия алып, башынан, ийининен жарадар болду. Берислав районунда 66 жаштагы эркек киши жана 69 жаштагы аял ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Анын алдында Украинанын абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы шаршембиге караган түнү Shahed түрүндөгү 64 дрон жана пилотсуз учактардын алдамчы түрү атылганын билдирген.

Командачылык белгилегендей, Орел, Курск, Брянск, Приморско-Ахтарск тараптардан урулган соккулардын мизин авиация, зениттик ракеталык күчтөр, радиоэлектрондук бөлүктөр кайтарып, 41 дрон жок кылынды.

Билдирүүдө 22 дрон-имитатор каерден атылганы аныкталбай, алардан эч ким жабыркабаганы, үчөө Орусия, бирөө Беларус тарапка учуп кеткени айтылат.

8-январда Украинанын бүтүндөй аймагында ракета соккулары жасалышы ыктымал экени чукул эскертилип, бир нече мүнөттөн кийин абал коопсуз деп жарыяланды.

Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн карапайым адамдарын, оорукана, бала бакча, энергетика объектилери өңдүү жарандык жайларды бутага алганын танууда.

Дагы караңыз

Саратовдо стратегиялык мунай базасы өрттөнүп жатканы кабарландыӨзбекстандын Qanot Sharq авиакомпаниясы Орусияга каттамдарын азайтатБУУ: Иранда былтыр кеминде 901 киши дарга асылды