Өзбекстандын Qanot Sharq авиакомпаниясы Орусияга каттамдарын азайтат

Иллюстрация

Өзбекстандын Qanot Sharq авиакомпаниясы 20-январдан 6-мартка чейин Москва жана Санкт-Петербург шаарларына каттамдардын саны азайтыларын билдирди. Мындай чечимди компания Airbus A320 учактарынын пландуу техникалык тейлөөсү менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлады.

Маалымат боюнча Ташкент, Самарканд, Бухара, Наманган жана Ферганадан Москванын Домодедово аэропортуна, Самарканд жана Намангандан Петербургдагы Пулково аэропортуна кээ бир рейстер убактылуу аткарылбайт. Ташкент-Самарканд ортосундагы айрым каттамдар да токтойт.

25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен баш калаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган. Ал маалда Орусиянын ошол бөлүгүндө абадан коргонуу системасы иштеп жатканы кабарланып, азери бийлиги лайнер аткылоого дуушар болгонун билдирген. 38 кишинин өмүрүн алган трагедия ушу тапта иликтенүүдө.

Окуядан кийин кулаган учак таандык “Азербайжан аба жолдору”, казакстандык Qazaq Air, израилдик El Al, арабдардын Flydubai жана “Түркмөнстан аба жолдору” компаниялары Орусияга каттамдарды кыскартышкан.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Дагы караңыз

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылдыЖугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар көп, бейтаптар коридорго да жайгаштырылуудаАктаудагы учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандыктын экөө ооруканадан чыкты