Шаршембиде эртең менен украиналык дрондор Орусиянын Саратов облусуна чабуул койгону кабарланды. «Свобода» радиосу жазганына караганда, мунай базасын өрт чалды. Губернатор Роман Бусаргин Энгельс шаарындагы өнөр жай объектисине атып түшүрүлгөн пилотсуз учактын сыныктары кулаганын маалымдап, киийнчирек эч ким жабыркабаганын, «өрттү өчүрүүгө каражаттар жана адамдар жетиштүү» экенин кошумчалады.
Кайсы ишкана чабуулга кабылганын ал тактаган жок. Бирок «Свобода» жана бир нече телеграм-каналдар өрт болгон жерди аныктай алышты. Маалыматка караганда, Энгельс-2 аскердик аэродромун кара май менен камсыздаган «Кристалл» мунай базасы күйдү.
Авиабазада жайгашкан учактар Украинага сокку уруп келет. 2023-жылкы маалыматтарга ылайык, ал аскердик аэродромдо ядролук дүрмөт ташууга кудуреттүү стратегиялык Ту-160 бомба таштоочу учактар жайгашчу.
Энгельстин тургундары түн ичинде мунай базасы жакта жарылуулардын добушу угулганын жазып, өрттүн сүрөттөрүн социалдык тармактарга чыгарып жатышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги шаршембиге караган түнү Саратов облусунда украиналык 11 дрон жок кылынганын билдирди. Киев ал чабуул тууралуу маалымдаган эмес.
БиБиСи радиосунун орус кызматы былтыр украиналык пилотсуз учактар Орусиянын аймагында жана убактылуу оккупацияланган райондордо 81 жолу мунай ишканаларына жана күйүүчүү май сакталган кампаларга сокку урганын эсептеп чыкты. Натыйжада орусиялык компаниялар жабыркаган инфраструктураны калыбына келтириши керек, бирок санкциялардан улам ал иш татаал болууда. БиБиСи ачык булактарга таянып, Орусияда өткөн жылы бензин жана дизель азырак өндүрүлгөнүн, күйүүчүү майдын баасы өскөнүн жазды.
Ал арада 8-январда Украинанын бүтүндөй аймагында ракета соккуларынын ыктымалдыгы тууралуу чукул эскертилди.
Дагы караңыз
Мектептерде техникалык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөтКыргыз-өзбек-тажик премьер-министрлери жолугуп, чек ара маселесин талкууладыКара-Сууда 32 гектар жер тилкеси мамлекетке алынды