АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келери менен Украинадагы согушту токтотуу үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү чыдамсыздык менен күтөрүн айтып, бирок алар качан өтөрүн тактаган жок.
Ноябрдагы шайлоодо алган добуштары бекитилгенден кийинки алгачкы брифингде Трамп сүйлөшүүнүн тезирээк башталышын кааларын, себеби “Орусия Украинадай эле көп жаштарын жоготуп жатканын” айтты.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен качан жолугушарын тактабастан, өзүнүн инаугурациясына чейин ал орунсуз болорун кошумчалады. “Качан жолугарыбызды айта албайм, бирок Путиндин мени менен кездешкиси келерин билем”, - деп айтты 20-январда ишке расмий кирише турган Трамп.
Декабрдын аягында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусу үчүн азырынча эч кандай зарылчылык жок”, – деп билдирген.
Трамп шайлоо кампаниясы учурунда кызматка киришкенден кийин Украинадагы согушту 24 сааттын ичинде токтоторун айтып келген. Бирок планынын чоо-жайын ачыкка чыгарган эмес. Флоридадагы пресс-конференцияда ал урушка жарым жылда чекит койдурарына үмүттөнөрүн билдирди.
Трамптын Ак үйгө кайтып келиши дээрлик үч жылдан бери уланып келаткан куралдуу жаңжалга кандай таасир тийгизери белгисиз. Киев шашылыш уюштурулган сүйлөшүүлөр Москвага Украинанын басып алган аймактарын колдон чыгарбоого, армиясын толуктап, кайра топтоштурууга шарт түзөт деп тынчсызданат.
Украина Трампты аскердик жардам берүүнү улантууга көндүрүүгө аракеттенүүдө.
Дагы караңыз
ЭТТК боюнча жумушчу топ президентке бир айдын ичинде сунуш берет Ош-Баткен жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, бир нече киши ооруканага түштүПрезидент Садыр Жапаров автоунаа салыгы жоюлганын билдирди