Бул маалыматты "Азаттыктын" өзбек редакциясы - "Озодлик" радиосуна Өзбекстандын укук коргоо органдарындагы көз карандысыз булактар тастыкташты.
"Озодликтин" ишенимдүү булагы билдиргендей, 52 жаштагы Гүлнара Каримова 2024-жылы 20-декабрда Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу департаментине караштуу №21- колониядан №42-жатак абакка которулган.
"Гүлнара колониядан 5-6 чемодан менен сүйүнүп чыгып кетти. Өзүнө жакын санаалаш болуп калган соттолгондор менен кучакташып коштошту. Гүлнараны Жаза аткаруу кызматынын башкармалыгынан келген адамдар жана биздин колониянын жетекчиси Гүлрух Каримова коштоп жүрүштү", - деди атын атабоону суранган колониянын кызматкерлеринин бири "Озодликке" берген маегинде.
Анын айтымында, Гүлнара Каримова 19-декабрда Ташкент облусунун Зангиата райондук сотунун чечими менен Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин ("Жазаны жеңилирээк жазага алмаштыруу") негизинде колониядан бошотулган.
Коңшу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы, Жаза өтөө башкармалыгы, Акыйкатчы институтунан эч ким Гүлнара Каримованын жаза өтөө тартибин өзгөртүү боюнча маалыматты расмий түрдө тастыкташкан жок.
"Озодликтин" булактары билдиргендей, мындай чечимге аялдар колониясынын администрациясынын Каримова жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөгөндүгү тууралуу билдирүүсү негиз болгон.
"Негизи бул берене колониянын тартибин бузган кишилерге колдонулбашы керек. Гүлнара жаза өтөө эрежелерин утур-утуру бузган соттолгондордун бири болгон. Ал жаза мөөнөтүндө бир нече жолу эреже бузуп, сөгүш, эскертүү алган", - дейт Ташкенттеги аялдар колониясынын кызматкери.
"Эмне эксең, ошону аласың"
Өзбекстанды чейрек кылымдан ашык башкарган Ислам Каримовдун саясий мураскери саналган Гүлнара Каримованы 2020-жылы Ташкент шаардык соту 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан.
Ал "мамлекеттик каражатты уурдаган жана бирөөнүн мүлкүн тартып алуу менен Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы макулдашууларга барган" деген беренелер менен күнөөлүү деп табылган.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, Каримовага 2013-жылы кылмыш иши козголуп, 2015-жылы 5 жылга, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган.
Каримова үй камагында жүргөндө бир катар эрежелерди бузганы үчүн кайра камакка алынган. 2020-жылы ага жаңы айыптар тагылып, 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылган. Гүлнара 2019-жылдан бери №21 аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп келген.
Мурдагы биринчи айым, Гүлнаранын апасы Татьяна Каримова жана үй-бүлөсү анын жатак абакка которулганы тууралуу маалыматка комментарий бере элек.
Соңку жылдары Каримованын адвокаты жана балдары абакта ага кысым көрсөтүлүп, аны менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына даттанышкан, бирок тийиштүү расмий мекемелер бул айыптоолорду четке каккан.
2023-жылы 16-июнда Татьяна Каримова социалдык тармакка түрмөдөгү кызы Гүлнара Каримова менен жолугушууга уруксат бербей жатышканын жазган.
"Неберем Иманды 25 жашка толушу менен куттуктайм. Бактылуу жашоо, сүйүү, жакындарынын жана туугандарынын мээримин каалайм. Тилекке каршы, бул күнү мага кызым Гүлнара менен жолугушуу үчүн КИН-21 аялдар абагына кирүүгө уруксат беришкен жок", - деп жазган Каримова Инстаграмдагы баракчасына.
Анда социалдык түйүндүн колдоонуучуларынын көбү "эмне эксең, ошону аласың" деп табалаган пикирлерди калтырышкан.
Эл аралык иликтөө жана камакка алынган миллиард
Каримовага каршы кылмыш иштер Өзбекстанда АКШ менен Европанын бир нече өлкөлөрүнөн кийин ачылган. Ага жемкорлук, арам акчаны адалдоо боюнча айыптар тагылган.
Былтыр декабрда Швейцариянын прокуратурасы таасирдүү кардарларды тейлөөгө адистешкен Lombard Odier банкын арам акчаны адалдоого айыптаган. Бийликтин маалыматына караганда, банк Гүлнара Каримованын кылмыштуу иштерин жашырууда бир нече жыл "чечүүчү роль" ойноп келген.
Прокуратуранын версиясына ылайык, Каримова ири суммадагы акчаны "Офис" деп аталган швейцариялык уюм аркылуу адалдап турган. Каримова өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.
Ошондой эле Lombard Odier банкынын мурдагы кызматкерине да айып тагылган. Бул ишти прокуратура 2016-жылдан бери иликтеп келет.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова мамлекетке, жарандарга келтирген зыяндын жалпы суммасы 1 трлн 270 млрд 200 млн сумду, 1 млрд 651,8 млн АКШ долларын, 26,1 млн еврону түзөрүн ачыктаган.
Дагы караңыз
Гүлнара Каримованын абактагы "козголоңу"2016-жылы 16-февралда АКШнын Юстиция министрлигинде Гүлнара Каримованын мүлкүн конфискациялоо боюнча жарандык доо карала баштаган. 2023-жылы 5-апрелде Нью-Йорктун Түштүк округдук соту бул жаатта "Жарым-жартылай аткарылган өкүм жана конфискациялоо жөнүндө буйрук" чыгарган.
Каримова жемкорлук схемаларга катышып, МТС, VimpelCom жана TeliaSonera компанияларынан "өзбек рыногуна чыгуу үчүн 10 жыл ичинде 865 миллион доллар алган" деп айыпталган.
Юстиция министрлиги тараткан билдирүү боюнча, Каримова - АКШнын чет элдик коррупциялык аракеттер боюнча мыйзамына ылайык "эң ири суммада пара алган" деп айыпталгандардын бири.
Чет өлкөдөгү иликтөөлөрдөн кийин Гүлнара Каримованын Швейцария банктарындагы дээрлик 1 миллиард долларлык активдери тоңдурулган.
2022-жылы февраль айында Өзбекстандын Юстиция министрлиги өзбек бийлигинин Гүлнаранын кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрүн кайтаруу аракети натыйжа бере баштаганын кабарлаган. Анда Франциядан Өзбекстанга 10 миллион доллар кайтарылганы жана дагы 131 миллион доллар "Өзбекстанга кайтарылууга даяр" экени айтылган.
Бирок ушул күнгө чейин расмий Ташкент өлкөгө кайтарылган сумма кайсыл тармакка колдонулганы тууралуу маалымат бере элек.
Дагы караңыз
"Чекисттер кошо барган". Каримованын мурдагы күйөөсү Гонконгдо кармалды2023-жылы октябрь айында "Озодлик" радиосунун журналисттери Гүлнара Каримованын мурдагы жарандык күйөөсү Рустам Мадумаров Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин көзөмөлү астында Гонконгго учуп барып, Гүлнарага байланышы бар банктык эсептен акча алганын иликтеп чыгышкан.
Маалыматка караганда, аны Өзбекстандын коопсуздук комитети Каримова атасы бийликте турганда чет жакка чыгарып кеткен акчаны кайра кайтаруу ишинде колдонуп келген.
Өзбек бийлиги бул журналисттик иликтөө боюнча комментарий берген эмес.
Мирзиёевдин бийлиги
2016-жылы бийликке келген Шавкат Мирзиёев адегенде коомчулукка авторитар Ислам Каримовдун шакирти катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө анын саясий мурасынан арылууга багытталган бир катар кадамдарды жасады.
Тактап айтканда, ал түрмөлөрдөгү ондогон саясий туткундарды бошотуп, миңдеген адамдарды кара тизмеден чыгарган.
Мирзиёев Татьяна Каримованын өзү тууралуу "бир кезде ферганалык келиндер өрөөндү кыйратышкан" деп айыптаган.
Соцтармактын колдонуучулары менен карапайым өзбекстандыктар, Мирзиёевдин кыздарынын атасынын администрациясында жана өкмөтүндө чоң кызматтарга дайындалышы менен күйөө баласынын бизнес кызыкчылыктары жана Гүлнара Каримованын окуясы ортосунда кыйла көп окшоштуктар бар экенин айтып келишет.