Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мамат Орозбаев каза болду

Мамат Орозбаев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамат Орозбаев 7-январда 79 жашында каза болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамат Орозбаев 1946-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда окутуучу катары ишин баштаган.

1975-1979-жылдары Кара-Суу район аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Андан соң Ош облустук соода башкармалыктарында жана башка мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

1990-жылы “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку советинин 12-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышында да депутат болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Беларус бийлиги Лукашенко Зеленскийден кечирим сураганын четке кактыСауд Арабиянын бир катар калааларын нөшөрлөгөн жаандан кийин суу каптады Бразилия кырсыкка учураган учактын "кара кутусун" Казакстанга бердиТергөө абагындагы Султанбековдун ден соолугу начарлаганы кабарландыКыргыз-өзбек-тажик премьер-министрлери жолугуп, чек ара маселесин талкуулайтФранцияда Charlie Hebdo журналына кол салуунун 10 жылдыгы эскерилүүдөБузурман Субанов “Кумтөрдүн” жетекчиси болуп дайындалды