Казакстан менен Өзбекстан ортосунда жаңы темир жол курулуп жатат. Бул тууралуу “Казакстан темир жолдору” компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме менен “Азаттыктын” казак редакциясы жазды.
Маалыматка караганда, Дарбаза-Мактаарал жолун 2027-жылы ишке киргизүү каралууда. Ал Сарыагаш-Ташкент маршрутуна альтернатива болмокчу жана Өзбекстанга экпорттун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет.
286 млрд тенгеге (545,8 млн доллар) бааланган инвестициялык долбоордун алкагында казак-өзбек чек арасында жаңы өткөөл пунктун ачуу каралууда.
Борбор Азия темир жол менен жүк жана жүргүнчү ташуу көлөмүн көбөйтүү аракети көрүлүп жатат. Алсак, 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өткөн.
Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннел курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.
Андан тышкары былтыр 16-ноябрдан тарта Алматы - Түркстан - Ташкент – Алматы саякат маршрутунун алгачкы программасы ишке ашырыла баштады.
Дагы караңыз
Украина Курскиде чабуул баштаганы, Орусия Кураховону алганы кабарланды Австрияда ашынган улутчулдардын партиясы өкмөт түзөт"Акча абактан куткарбайт". Жакындарды кошо жазалаган жемкорлук мыйзамы