Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-январь, саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жана Чүй облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үңкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Чүй облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылында жана Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагынын Төш-Булак айылында 2,5 баллга чейин чейин сезилген.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Күчү очогунда 3,5 баллдык жер силкинүү былтыр 20-ноябрда жана 22-ноябрда кыргыз-тажик чек арасында катталган. (ErN)
Дагы караңыз
Кызыл-Кыя шаарында мечиттин ичинен ымыркай табылдыМамкурулуш компанияларды ар бир курулушка QR код илүүгө милдеттендирдиМинистр сасык тумоо күчөп жатканын эскертип, жарандарды ооруну алдын алууга чакырдыБайсалов: Азиза Абдирасулованы Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылабыз