2025-жылдын январь айынан тартып Кыргызстандагы курулуш компаниялары өздөрү салып жаткан ар бир объектиге анын мыйзамдуулугу тууралуу маалымат берген QR код илүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу 4-январда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.
Ал билдиргендей, мурдараак Мамкурулуштун жаңыланган сайтына өлкөдө курулуп жаткан объекттер тууралуу маалыматтар киргизилген. Ал жакта курулуштардын мыйзамдуу же мыйзамсыз экени, документтери канчалык даяр болгону жана качан бүтөрү жазылган.
“2025-жылдын январь айынан тартып ар бир курулуштун атайын убактылуу тосмосунда QR коду да илиниш керек. Ал QR код менен өзүңүздүн телефонуңуз аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, курулуш мыйзамдуу экенин билсеңиз болот. QR код курулуштун убактылуу тосмосунда көрүнүктүү жеринде, кеминде 1х1 метр же андан да чоң болгон өлчөмдө, курулуш аяктаганга чейин илинип туруш керек. Курулуш компанияларынан январь айынын аягына чейин бардык курулуштарда атайын QR код илүүңүздөрдү суранам. Бул кодду илүү боюнча тиешелүү буйрукка кол койгом жана аткарбаган компанияларга айып пул салынарын эскертем”, – деп жазды Нурдан Орунтаев.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2023-жылы өзүнүн сайтында Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин картасын көрсөтө баштаган. Анда мыйзамдуу курулуп жаткан үйлөр көк түстө, мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр кызыл түстө белгиленип турат.
Буга кошумча Мамкурулуш иши сот органдарына өткөрүлүп берилген курулуш компанияларынын жана алардын өз билемдик менен, курууга уруксат кагаздары жок объектилеринин тизмесин жарыялаган. Агенттик алардын видеосун да жарыялап, жарандарды соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоого чакырган.
Нурдан Орунтаев 2024-жылдын 25-декабрындагы басма сөз жыйынында Бишкекте мыйзамсыз деп эсептелген 15 көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамдаштырылганын билдирген. Ошол эле күнкү билдирүүсүндө ал Кыргызстанда 800дөн ашык курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулганын тактаган.
Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алгандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет. 2024-жылы эки шаарда тең "Эмаком" компаниясынан үй алгандар катар-катар нааразылык акцияларын өткөрүштү. (ErN)
Дагы караңыз
Чүйдө жана Жалал-Абадда жер титиредиКызыл-Кыя шаарында мечиттин ичинен ымыркай табылдыМинистр сасык тумоо күчөп жатканын эскертип, жарандарды ооруну алдын алууга чакырдыБайсалов: Азиза Абдирасулованы Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылабыз