Казакстанда бороондо 100дөй машине кагышты

Казакстандын Астана – Петропавловск жолунда катталган кырсык. Видеодон алынган скриншот.

3-январда Казакстандын Астана – Петропавловск жолунда бороондон улам 95 унаа кагышты. Бул тууралуу Казакстандын Акмоло облусунун ички иштер башкармалыгы жана “КазАвтоЖол” улуттук компаниясы билдирди.

Жол кырсыгына катуу шамал себеп болгон. Полиция 11 адам жаракат алып, төртөө ооруканага жаткырылганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, таңга жуук аба ырайы начарлап, республикалык маанидеги жолдо жүрүүгө чектөө киргизилген.

"Аба ырайы жакшырып, жол тазалангандан кийин саат 12:30да Полиция департаментинин кызматкерлери жана "КазАвтоЖолдун" атайын техникасы жол баштап, унаалар жыла баштаган. Бирок алдын ала маалымат боюнча, айдоочулар ылдамдыкты жана аралыкты сакташкан эмес», — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министринин айтымында, машиналар кагышкан жерге 48 куткаруучу жана 22 техника барган. Кырсыктын кесепеттери жоюлуп, жол кыймылы калыбына келтирилди.

Аба ырайы начарлап, шамал жана бороон-чапкын күчөгөндөн улам 4-январда жолдогу каттамдарга кайрадан чектөө киргизилди. (ErN)

Дагы караңыз

Венесуэланын бийлиги оппозиция лидерин кармоо үчүн 100 миң доллар сый акы жарыяладыТокаев Назарбаев менен телефондон "айына бир жолу сүйлөшүп турарын" айтты Киев облусунда бир киши набыт болду, бир нече адам жараат алды Түштүк Кореяда кызматтан четтетилген президентти камакка алуу аракети ишке ашпады