Венесуэланын бийлиги оппозиция лидерин кармоо үчүн 100 миң доллар сый акы жарыялады

Эдмундо Гонсалес Уррутиа

Венесуэланын бийлиги оппозициялык саясатчы, азыркы президент Николас Мадуронун башкы атаандашы Эдмундо Гонсалес Уррутианы кармоого көмөк боло турган маалымат бергендерге 100 миң доллар сый акы убада кылды.

Учурда Испанияда жүргөн Гонсалес Мадуронун инаугурациясы белгиленген 10-январда Венесуэлага келерин жана президенттик кызматка киришерин жарыялаган.

Венесуэланын Ички иштер министрлиги ал күнгө чейин Эдмундо Гонсалестин сүрөтү “изделүүдө” деген жазуу менен кошо өлкөнүн бардык аэропортторунда жана чек ара пункттарына илинерин маалымдаган.

Венесуэлада президенттик шайлоо 28-июлда өткөн. 2013-жылдан бери бийликте отурган президент Николас Мадурого баш ийген Шайлоо комиссиясы азыркы мамлекет башчы добуштардын 51,2%, ал эми Гонсалес 44,2% алганын жарыялаган. Оппозиция шайлоо бекеттеринин 78% протоколдорун алышканын, анда Гонсалес Мадурону эки эсе көп добуш менен утканы айкын экенин айтып чыгышкан.

Мадуронун жеңишине каршы өлкөдө жапырт башаламандыктар тутанып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген адам баш калаа Каракастын борборуна чыгышкан. Анын жүрүшүндө 28 адам каза болуп, 200дөй киши жаракат алган. Гонсалестин 2 миңден ашык тарапкери кармалган.

Эдмундо Гонсалес өзү өлкөдөн чыгып кетип, Испаниядан башпаанек алган. Венесуэланын бийлиги аны өкмөткө каршы кутум уюштурууга айыптап, издөө жарыялаган.

АКШ баш болгон бир катар мамлекеттер добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Европарламент оппозиция лидери Эдмундо Гонсалести Венесуэланын мыйзамдуу президенти деп тааныган.

Латын Америкасындагы 9 мамлекет, анын ичинде Аргентина, Коста-Рика, Панама, Парагвай, Эквадор жана башкалар Мадуронун жеңишинен күмөн санап, шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууга үндөшкөн. (ErN)

Дагы караңыз

Казакстанда бороондо 100дөй машине кагыштыТокаев Назарбаев менен телефондон "айына бир жолу сүйлөшүп турарын" айтты Киев облусунда бир киши набыт болду, бир нече адам жараат алды Түштүк Кореяда кызматтан четтетилген президентти камакка алуу аракети ишке ашпады