2024-жылы Өзбекстанда палоо 15,6% кымбаттады

Аш

Өзбекстандын президентинин алдындагы статистика агенттиги 2024-жылдагы палоонун индексин жарыялады. Ага ылайык, бул тамактын баасы орто эсеп менен 15,6% жогорулаган.

2023-жылдын декабрь айынан 2024-жылдын декабрь айына чейин аштын бир кишилик порциясы 24 978 сумдан ($1,9) 28 885 сумга ($2,2) кымбаттаган.

Баарынан да баанын көтөрүлүшү Анжиян облусунда катталган. Ал жакта баа 29% өскөн. Ал эми Сырдарыяда палоонун баасы болгону 2,1% жогорулаган.

Ташкентте аштын бир порциясы 35 744 сум же $2,7 турат.

Аштын индекси азык-түлүк баасы кандай өзгөрүп жатканын көрсөтүүгө жардам берет.

Өзбекстандын Статистика агенттиги бул индексти өлкөдөгү эң популярдуу тамакка кошулчу ингридиенттердин негизинде даярдайт. Ал үчүн облус борборлорундагы ири тамактануучу жайлардагы 1 кг ашка кетчү азык-түлүктүн тизмеси түзүлүп, баасы аныкталат.

Дагы караңыз

Кыргызстанда никеге 18 жаштан кийин гана уруксат берүү сунушталды Зеленский: Трамп согушту токтотууда "чечкиндүү роль" ойной алатКыргызстанда “Кылым банкы” ачык акционердик коому түзүлдү