Зеленский: Трамп согушту токтотууда "чечкиндүү роль" ойной алат

Украинанын президенти Владимир Зеленский калкын жаңы жыл менен куттуктап жаткан учур. 1-январь, 2024-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Американын шайланган президенти Дональд Трамптын "күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн болбогон мүнөзү" Орусия менен согушка чекит коюуга жардам бериши ыктымал экенин билдирди.

Ал мындай пикирин 2-январда обого чыккан маегинде айтты.

Зеленскийдин пикиринде, Орусиянын президенти Владимир Путин Трамптан коркот.

"Трамп абдан күчтүү, мүнөзү күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн эмес. Мен анын дал ушундай мүнөзү Орусияга карата колдонулушун абдан каалайт элем",- деди украин президенти.

Зеленский кошумчалагандай, Трамп инаугурациядан кийин биринчилерден болуп аны менен жолугушууга убада берген.

20-январда ант берип, кызматка кирише турган Дональд Трамп бийликке расмий келери менен 24 сааттын ичинде жаңжалды токтоторун билдирген.

Украина жана башка мамлекеттер алгач бул билдирүүгө сын көз карашта карашкан. Киев ошондой эле Трамп даярдаган макулдашууда Украинанын аймактарын Орусияга өткөрүп берүү камтылган болушу мүмкүн деп кооптонуп турат.

Биринчи айым Олена Зеленская менен берген маегинде президент 2024-жылкы украин аскерлеринин жетишкендиктерин да талкуулады. Анын ичинде орус армиясынын Харьков, Сумы, Запорожьени басып алуу пландарын үзгүлтүккө учуратып, Орусиянын Курск облусуна кирип барышын баса белгиледи.

Ал украин армиясы орус күчтөрүнүн фронт тилкесидеги тынбаган чабуулдарынан чарчап-чаалыкканын мойнуна алып, аскерлер "фронттогу абалды турукташтыруу үчүн январь айында колунан келгенин жасарын" кошумчалады.

Согуштун айынан жылдырылган шайлоо тууралуу суроого жооп берип жатып Зеленский азырынча экинчи мөөнөткө барар-барбасын билбей турганын, бирок президенттик жана парламенттик шайлоо аскердик абал алынгандан кийин гана өтөрүн айтты.

Ал эгер согуштун катуу фазасы быйыл аяктаса, 2025-жылы да шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Дагы караңыз

Кыргызстанда никеге 18 жаштан кийин гана уруксат берүү сунушталды Кыргызстанда “Кылым банкы” ачык акционердик коому түзүлдүГаза: Израилдин соккусунан бир суткада 67 кишинин өмүрү кыйылды