Илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге чейин көтөрүлөт

Бишкектеги Илимдер академиясынын имараты

Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда Улуттук илимдер академиясынын имараты оңдолуп, материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүргөнүн билдирди.

"Академия мамлекеттин интеллектуалдык флагманы болушу керек", - деген президент эми кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрүн жарыялады.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген.

2023-жылдагы маалымат боюнча, академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1 575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. Коомчулукта академияны реформалоо зарыл деген пикирлер айтылып келет.

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Камбар-Ата 1" ГЭСин курууга коңшу өлкөлөр катышарын ырастадыЖаңы жылдын түнү Украинанын аймактарына жапырт дрон чабуулу болду