Депутат Акаев "Сапат" боюнча чечим туура эмес болгонун айтты

Депутат Жанарбек Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев “Сапат” билим берүү мекемесинин Түркиянын “Маариф” фондуна өтүшүн сынга алды. Эл өкүлү чечим жашыруун кабыл алынганын айтып, “Сапаттын” Кыргызстандын билим берүүсүнө кошкон салымы чоң экенин билдирди.

- “Сапат” лицейлерин түнкүсүн Юстиция министрлиги аркылуу башкага каттап, мекеме ээлерине эртеси кабарланганы укуктук бир топ суроо жаратат. “Сапат” Кыргызстан үчүн миңдеген билимдүү, чыгаан уул-кыздарды тарбиялап, окутуп берди. Ошол жардамы үчүн ыраазычылык билдирүүнүн ордуна жашырынып башкаларга каттоо жумшак айтканда уят иш. Мисалы мен “Маариф” мектептерине такыр каршы эмесмин, алар да ийгиликтүү иштеп, бирок “Сапат” да өз ишмердигин уланта берсе болмок. Бул өтө одоно чечим болуптур, билим берүү мекемелерине мындай мамиле болбошу керек эле”, - деди ал.

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болду. “Сапат” мындай чечим окуучулар менен студенттерге, алардын ата-энелери, мугалимдер жана кызматкерлерге күтүүсүз болгонун билдирди.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “Сапат” 30-декабрда кайра каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулду. Андан тышкары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бар.

Бул маалыматты кыргыз өкмөтү ырастады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Маариф” фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан менен жолугушуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынганын айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.

Түркиянын Бишкектеги элчилиги андан бери “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерин жабуу же “Маариф” фондуна өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылган.

“Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 12 башталгыч мектеби бар.

“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Фетхулла Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектептер түрк өкмөтүнө өткөрүп берилгени белгиленет. Учурда бул мектептерде 53 миңден ашык окуучу билим алат.

АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен быйыл 20-октябрда дүйнөдөн өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Беш жылга кесилген журналист Ишенбеков №8 абакта жазасын өтөйт"Cапат" билим берүү мекемеси лицейлеринин “Маарифге” өткөнү күтүүсүз болгонун билдирдиЫсык-Көлдө селден жабыркагандардын айрымдарына үйлөр берилди“Маарифтин” директору Кыргызстанда билим берүүгө инвестиция саларын айттыПрезидент мектепте акча чогулткандарга айып салган мыйзамга кол койдуСот Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алууга уруксат берди“Сапаттын” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттүКыргызстанда мамлекеттик “Кылым банкы” түзүлөтПрезидент репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду