Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Ala-Archa.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-январда Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Баткен аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 3…5° болот.

Дагы караңыз

Президент мектепте акча чогулткандарга айып салган мыйзамга кол койду“Маарифтин” директору Кыргызстанда билим берүүгө инвестиция саларын айттыСот Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алууга уруксат берди“Сапаттын” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттүКыргызстанда мамлекеттик “Кылым банкы” түзүлөтПрезидент репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койдуПутин Орусияда чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөткөн жарлыкка кол койду