Сот Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алууга уруксат берди

Юн Сок Ёль.

Сеул соту аскердик абал жарыялаганы үчүн кызматтан убактылуу четтетилген Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алууга жана тинтүүгө уруксат берди.

Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги жазды. Импичмент жарыяланып, анын жыйынтыгында президенттин ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.

Өлкө тарыхында биринчи жолу иштеп жаткан президент камакка алынышы мүмкүн экени кабарланды. Юн Сок Ёль козголоң уюштурган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда. Жогорку даражалуу аткаминерлер арасындагы коррупцияны иликтеген комитет аны 48 сааттын ичинде кармай алат.

14-декабрда Түштүк Кореянын парламентиндеги 300 депутаттын 200дөн көбү Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болду. Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Президенттин милдетин азыр өкмөт башчы Хан Дак Су аткарууда. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда мамлекеттик “Кылым банкы” түзүлөтПрезидент репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койдуПутин Орусияда чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөткөн жарлыкка кол койду“Сапаттын” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттүТегеран италиялык журналист Чечилия Саланын камалганын ырастады