Кыргызстанда жаңы “Кылым банкы” ачык акционердик коому түзүлөт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-декабрда кол койду.
Токтомдо “Кылым банкынын” уставдык капиталы 1 миллиард сом болору белгиленген. Каражат бюджеттен которулат жана 2027-жылга чейин банктын уставдык капиталын 5 миллиард сомго жеткирүү керектиги жазылган.
Президенттин иш башкармасы “Кылым банкына” жайгаша турган имарат таап берип, шарт түзөт.
Кыргызстанда ушул тапта жалпысынан 21 коммерциялык банк иштейт. Алардын ичинен мамлекеттик эки банк бар. Алар: “Элдик банк” жана “Айыл банк”. (BTo)
Дагы караңыз
Президент репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койдуПутин Орусияда чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөткөн жарлыкка кол койду“Сапаттын” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттүТегеран италиялык журналист Чечилия Саланын камалганын ырастадыМосквада Армениянын мурдагы коргоо министри кармалдыӨкмөттө Бишкектеги ыш маселеси талкууланып, чечимдер кабыл алынды“Социнтерн” Темирлан Султанбековду саясий туткун деп жарыялады