Орусия менен Украина бири-бирин дрон чабуулуна айыптады

"Панцирь С-1" өзү жүрүүчү абадан коргонуу ракеталык системасы. Иллюстрацияык сүрөт.

"Панцирь С-1" өзү жүрүүчү абадан коргонуу ракеталык системасы. Иллюстрацияык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 28-декабрда өлкө аймагында Украинанын 56 дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Дрондордун 17си Ростов облусунда, 11и Белгороддо, калганы Воронеж облусунун үстүнөн жок кылынганы кабарланды.

Белгород облусунда Красногвардейский району бутага алынган. Палатово аймагында эки адам жаракат алганы губернатор Вячеслав Гладков маалымдады.

Казан аэропортунда таңкы саат 6:00дөн тартып учактардын учуусуна жана конуусуна уруксат берилбегенин Росавиация маалымдады.
Воронежде учкучсуз учактын сыныгы темир жолдун байланыш тармагын үзүп кеткен. Ростовдо кыйроолор болбогону айтылды.

Украин тарап Орусия өз аймагын "Герань" деп аталган жана башка типтеги дрондор менен аткылаганын, баары - 16 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Орусия Украинага 2022-жылдын 22-февралында кол салгандан бери эки тарап бири-биринин аймагын учкучсуз учактар, түрдүү ракеталар жана дрондор менен бутага алып келишет.

Дагы караңыз

20 жыл бою жаштарды сүрөгөн "Азаттык+"2024: Журналисттер камалып, талаштуу мыйзамдар кабыл алынды Ооганстанга күйөөсүн издеп барган келин Адвокат абактагы Султанбеков менен жолугушууга уруксат берилбегенин билдирди Улуттук банк 53,1 млн доллар сатты