Украинадагы ири энергетикалык компания – DTEK АКШдан суюлтулган жаратылыш газынын алгачкы партиясын кабыл алды.
Газ ташыган Gaslog Savannah кемеси Грекияга АКШнын Луизианадан келгени тууралуу компаниянын сайтында кабарланды. Ага ылайык, кеме Кара деңиз аркылуу жүрүү чектелгенине байланыштуу Грекиянын портуна багыт алган.
100 млн метр куб чамалуу газ Revithoussa портуна жума күнү, эртең менен келип түштү. Жалпы европалык соода компаниясынын алдындагы DTEK жүктүн баарын сатып алганы, эми товар Евробиримдиктин жана Украинанын газ тармактары аркылуу жиберилери кабарланды.
АКШ газы Украина өз аймагы аркылуу Орусиянын көгүлтүр отунун Евробиримдикке өткөрүү келишимин токтоторуна аз күн калганда жетти.
АКШнын Финансы министрлиги Орусия Украинага каршы ачкан согуштан кийин "Газпромбанка" каршы санкция салган.
Дагы караңыз
Азербайжандык депутат: Учакты Орусиянын абадан коргонуу системасы аткан болушу ыктымал Темир жол курулса Кыргызстан эмнеден утат?Газа: ЦАХАЛ ооруканада рейд жүргүзүп, бейтаптар эвакуацияланганы кабарландыМатцаковдун сотуна тергөө тобунун башчысы катыша турган болду “Эт менен дарыдан ашпайт”. Эң көп пенсия Казакстанда, эң азы...