Бишкекте бир кызды зордуктоого шектелип эки киши кармалды

Иллюстрация.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы бир кызды зордуктоого шектелип, эки жаран кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 24-ноябрда А.Г. аттуу жаран райондук милицияга арыз менен кайрылып, аны зордуктаган адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен кылмыш иши козгогон. Издөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган К.Э. жана 1988-жылы туулган Д. Т. аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, шектүүлөр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин айрым басылмалар укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, бул факты Бишкектин ылдый жагындагы паркта болгонун, алардын бири изин жашыруу үчүн Жалал-Абадга качып кеткенин жазышты.

Кыздын зордукталып жаткан учурун шектүүлөрдүн бири уюлдук телефон менен видеого да тартып алган. Kaktus.media сайты жазгандай, шектүүнүн аялы ал видеону көрүп калып, милицияга арызданган.

Кыргызстанда кыз-келиндерде карата зордук-зомбулук фактылары утур-утур катталып турат. Мындай учурлардын аягы өлүм менен аяктаган учурлар да бар.

Быйыл октябрда Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган.

Дагы караңыз

Туткундалган түндүк кореялык аскер жарааттарынан көз жумганы кабарландыСочи жана Казан аэропортторунун иши убактылуу токтоп туратЯнварь окуясы: Кыргыз, өзбектерди кыйнаган полиция кызматкерлерине үч жыл суралдыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилди