Түштүк Кореянын чалгын кызматы украин армиясы Орусиянын тарабында согушуп жүргөн түндүк кореялык аскерди туткунга алганын бышыктады. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги 27-декабрда кабарлады. Маалыматка караганда, жараат алган жоокер Украинанын атайын операциясы маалында колго түшүрүлдү.
AFP агенттигинин Сеулдагы булактары туткунга алынган кишинин аты-жөнү азырынча белгисиз деп билдиришти. Анын абалы тууралуу да кабарланган жок.
Алдыңкы күнү украиналык "Мілітарний" Телеграм-каналы түндүк кореялык делген аскер туткундалганын жазып, сүрөтүн чыгарган.
Украиналык айрым Телеграм-каналдардын маалыматында, окуя Орусиянын Курск облусунда болгон.
Быйыл октябрда түндүк кореялык жоокерлер Орусияга жөнөп жатканы тууралуу кабарлар тараган.
Дүйшөмбүдө украин президенти Владимир Зеленский Курскиде орус тарапта согушуп жүрүп окко учкан түндүк кореялыктардын саны 3 миңден ашканын билдирген. Көз карандысыз булактардын муну ырастаган маалыматтары жок. Адатта согушуп жаткан өлкөлөр каршы тараптын жоготууларын көбөйтүп, өздөрүнүкүн азайтып көрсөтүшөт.
Түштүк Кореянын чалгынчылары кошуна өлкөсүнүн жоготуулары 1100дин айланасында деп билдирген.
Сеулдун айтымында, Пхеньян Орусияга дагы кошумча аскер жана техника жөнөтүүгө даярданып жатат.
Түштүк Корея менен АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматында, Түндүк Корея Орусияга 10 миңден 12 миңге чейин аскер жөнөткөн.
Алардын арасындагы жоготуулар тууралуу өткөн жумада украин бийлиги, андан соң Пентагон да билдирген.
Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна быйыл августта кирип барган. Киев операциясын чек ара аймактарын коргоо максаты менен түшүндүргөн.
Дагы караңыз
Темир жол курулса Кыргызстан эмнеден утат?Жарандар үйлөргө газ киргизүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун 31 млн сомун гана колдондуТИМ учак кырсыгына кабылган бир кыргызстандыктын абалы оор экенин билдирди