"Кирешелүү жана ылаңдабайт". Ак топоз баккан Таштанбек Акматов

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бийик тоолордо, аппак ак чокулардын тушунда чабан Таштанбек Акматовдун эстелиги көрүнүп турат. Бул тирүү адамга эстелик тургузулган сейрек учур. Ак топоз – жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрү.

Таштанбек Акматов аны көбөйтүү үчүн көп жылдар бою эмгектенген. Жапайы топоздор өзгөчө бааланат: алар колго үйрөтүлгөндөрдөн чоңураак, ылаӊга да чалдыкпайт. Нарындын жогорку чөлкөмү топоз багуу үчүн ынгайлуу.