Журналист Эрлан Сатыбеков 58 жашында каза болду

Эрлан Сатыбеков.

Журналист Эрлан Сатыбеков 24-декабрда ишемиялык инсульттан каза болду. Ал 2022-жылдан бери Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенип жаткан. Бул тууралуу мекеменин 26-декабрдагы билдирүүсүндө жазылган.

Сатыбеков 1966-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин 1993-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолун 1987-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында режиссёрдун ассистенти болуу менен баштаган. Андан соң журналистикага аралашып, ошол маалдагы бир катар белгилүү басылмалар – “Дело№”, “Эркин Тоо”, Комсомольская Правда-Кыргызстан”, “Вечерний Бишкек” гезиттери менен кызматташып, коомдук-саясий темадагы макалаларды, курч иликтөөлөрдү даярдаган.

Кесиптештери анын көптөгөн кадрларга жол көрсөтүп, кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө салым кошконун, коомдук-саясий абал тууралуу өзүнүн пикирин ачык билдирип келгенин белгилешет.

Дагы караңыз

Никополдогу базарга урулган соккудан сегиз киши жабыркадыЖер, сууну көзөмөлдөө кызматы кызыл сызыкка чыгып кеткен 200дөн ашык объектини буздуЖАКтын жаңы жетекчиси соттолуучуларды криминалдык түшүнүктөрдөн баш тартууга чакырдыФСБ Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнө каршы теракттардын алдын алганын билдирди