ФСБ Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнө каршы теракттардын алдын алганын билдирди

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Коргоо министрлигинин жогорку аткаминерлерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы теракттардын алдын алганын билдирди.

ФСБнин айтымында, кол салууларды украин атайын кызматы жалдаган орус жарандары ишке ашырмак. Кармалган төрт киши өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилиши ыктымал.

Орус атайын кызматынын маалыматында аткаруучулардын бири 2020-жылдан бери Украинада жашаган орусиялык киши экени айтылат. Быйыл ноябрда Молдова жана Грузия аркылуу Орусияга депортацияланган деп келген. Ал Коргоо министрлигиндеги жогорку жетекчинин машинесине жардыргыч затты коймок.

"Дагы бир аткаминерди документтер салынган папкеге коюлган бомба менен жардырышмак", - деп санайт ФСБ.

Москванын тургуну украин атайын кызматынын тапшырмасы менен министрликтин жогорку кызматкерлери иштеген жана жашаган жерлерди тартып, “теракттарды даярдоо үчүн кураторлоруна салып турган” деп шектелүүдө.

Кармалгандардан байланыш жабдыктары жана колго жасалган жардыргычтар табылганы, аларга теракт даярдоо жана мамлекетке чыккынчылык кылуу беренелери менен айып тагылганы маалымдалды.

Украин тараптан маалыматка байланыштуу комментарий жасала элек.

17-декабрда эртең менен Москвада Орусиянын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин командачысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жардыруудан жардамчысы менен кошо набыт болгон. Эртеси күнү шектүү катары Өзбекстандын жараны кармалып, кийин эки айга камалды. Тергөөчүлөр аны укриан атайын кызматы 100 миң долларга жалдаган деп айтышкан.

Генералды жок кылуу операциясын Украинанын коопсуздук кызматы уюштурганын ал мекемедеги булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна, AFP, "Би-Би-Си" жана бир катар маалымат каражаттарына айтып беришкен.

Бул окуяга Киев комментарий берген жок жана маалыматты көз карандысыз тараптардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Баткен милициясы блогердин айткандарын териштирүү башталганын билдирдиГазадагы соккуда палестиналык беш журналист каза тапканы кабарландыПарламент дин боюнча мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда колдоду