Жогорку Кеңеш 26-декабрдагы жыйынында “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов баяндама жасап, депутаттардан түшкөн сунуштардын көбү эске алынганын билдирди.
Анын баяндамасына ылайык, долбоордо турак жайларды сатууда кошумча нарк салыгынан бошотуу ченеми калган, курулуш тармагы 2025-жылдын 1-июнуна чейин жөнөкөйлөтүлгөн салык системасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берген жоболор камтылган, бул тармакта иштеген субъектилер үчүн бирдиктүү салык ченеми белгиленип, накталай төлөмдө 6%, накталай эмес түрүндө 4% болду. Учурда бул субъектилердин баары 6% төлөп келишет.
Ошондой эле акцизделүүчү товарларды колдонуунун тартибин көзөмөлдөөдө базар администрациясына 1 миллион сом айып салуу сунушу долбоордон алып салынган.
“Жеке менчик жалпы билим берүүчү уюмдардын кирешесине салык салуудан бошотуунун мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушталууда. Депозиттер жана аманаттар боюнча пайыздык кирешелерге киреше салыгы боюнча жеңилдиктердин мөөнөтү алып салынды. Каналдар үчүн бетон катмарын импорттоо, киреше нарк салыгынан бошотуу киргизилди. 2025-жылдан тартып 2030-жылдын аягына чейин айыл чарба жерлерин пайдалануу салыгынын ставкасы 0% деп белгиленди”, - деди Төлөнов.
Айрым депутаттар Мамлекеттик салык кызматына жаңы дайындалган Алмамбет Шыкмаматовдон электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы боюнча кандай өзгөрүүлөр болорун, салыктык реформа тууралуу суроо узатышты. Шыкмаматов бул тармакта санариптештирүү ишине көңүл бурарын айтты.
“Мониторинг кылып көрсөк, мисалы, үй сатканда суралган кагазды алуу үчүн кезек күтүп, ушундай майда иштерден жарандардын мамлекетке нааразылыгы күчөйт экен. Ушул маселелерди дүйнө жүзүндө санариптештирүү менен чечип келишет. Бул биз үчүн да артыкчылыктуу болот”, - деди Шыкмаматов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 25-декабрда Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрүп, салык тармагындагы көйгөлөрдү, анын ичинде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды киргизүү процессин жөнөкөйлөштүрүү тапшырмасын берген.
Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтыша кеткен.
Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.