Ош шаарындагы "Ош Нуру" мейманканасы мамлекетке алынды

Мамлекетке алынган “Ош-Нуру” мейманканасы. УКМК тараткан сүрөт.

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында Ош шаарында жайгашкан "Ош Нуру" мейманканасы мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, объекттин болжолдуу баасы 18 млн АКШ долларынан ашуун суммага бааланган жана 0,8 гектар жер тилкеси ээлейт.

Мейманкана комплекси Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилди.

"Ош Нуру" мейманканасы мурда мамлекетке караштуу болгон жана кийин менчиктештирилип кеткен. Соңку жылдары ага мурдагы депутаттар, бир тууган Нургазы жана Салайдин Айдаровдор ээлик кылып турушкан.

Нургазы Айдаров Жогорку Кеӊештин VI чакырылышында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат болгон. Быйыл 23-августта УКМК Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаровго “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун линиясы менен эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда ал өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевдин ишмердигин каржылап турганы аныкталган.

Нургазы Айдаровдун иниси Салайдин Айдаровду атайын кызмат ага чейин кармап, Бишкектин Октябрь райондук соту 8-августта УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 4-сентябрга чейин камакка алган. Ага да Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган. Салайдин Айдаров да Жогорку Кеӊештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.

УКМК ушул эле берене менен Ошто ишкер катары таанылган мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаевди да кармап, ал да Бишкектин Октябрь райондук сотунун 8-августтагы чечими менен 4-сентябрга чейин камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 6-августта кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялаганын кабарлаган.

2018-жылы Салим Абдувалиев менен кыргызстандык экс-депутат Нургазы Айдаров жана мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев түшкөн делген видео тараган. Ал видеодон кучакташкан үчөөнүн “Абдувалиев - тирегибиз, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт” деген сөздөрүн угууга болот. Буга ошол кездеги президенттик аппарат реакция кылып, Сооронбай Жээнбековдун Салим Абдувалиев менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген.

Видеого удаалаш эле “Салимбай байбачанын” Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары Дамирбек Асылбек уулу, Салайдин Айдаров жана “Аю” компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов менен чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланган. Депутаттар муну спортко байланыштуу иш-чарада тартылган деп түшүндүргөн.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылы 8-сентябрда “АЮ холдингдин” негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган.

Салим Абдувалиев ушул жылы 19-мартта Өзбекстанда алты жылга кесилип, ошондон бери абакта отурат.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. (ErN)