Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы 2024-жылдын 11 айында кызыл сызыктан чыгып, мамлекетке тиешелүү жерге мыйзамсыз курулган 269 объектини аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, мунун ичинен 228 объект бузулду. 9 объектке чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Калгандарынын жагдайы айтылган жок.
Министрлик соңку фактылардан Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылындагы Талас-Тараз авто жолунун түштүк жагында жайгашкан “Партнер нефть” май куюучу жайынын көрнөк-жарнак тактайларын (стела) мисал келтирди. Курулма кызыл сызыкка кирип кеткендиги аныкталып, буздурулуп алынды.
25-декабрдагы басма сөз жыйынында Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкекте мыйзамсыз деп эсептелген 15 көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамдаштырылганын билдирген. Ал курулуш компаниялары тиешелүү турак жайларды мамлекетке өткөрүп бергенин, ошондон улам аларга уруксат документтери даярдалганын тактаган.
Орунтаев Кыргызстанда жалпы 277 турак жай жана коммерциялык объектинин курулушу мыйзамсыз деп табылганын быйыл июнь айында Жогорку Кеңештин жыйынында айткан. Ал аталган курулуштар 90% жеке менчик жерлерде экенин, алардын коопсуздугуна кепилдик жоктугун белгилеген. (ErN)