Жогорку Кеңеш фамилияга "теги" мүчөсүн кошуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоорунда жарандардын фамилиясын, атасынын атын жазууда үч вариант сунушталууда.

Мисалы, Асанов Үсөн Эсенович жаңы сунушка ылайык, Үсөн Асан Эсен уулу кылып өзгөртө алат. Аял болсо, атасынын атына “кызы” деп уланат.

Экинчи вариантта чоң атасынын атына “теги” мүчөсү уланып, кошулуп жазылат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсен уулу деп аталат.

Дагы бир вариант катары фамилияга чоң атасынын ысымы кошулганда, атасынын атына эркектер үчүн илик жөндөмөнүн мүчөсү уланып жазылат. Ал эми аялдар үчүн чыгыш жөндөмүн мүчөсү кошулат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсендин, аял болсо, Асантеги Айгүл Эсенден.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мирлан Самыйкожо азыркы мыйзамга ылайык, фамилияга “тегин” деген мүчө кошулуп жазылып жүргөнүн, бул сөз терс маанини берерин белгиледи.

“Тегин” сөзү кыргызча “жок” дегенди түшүндүрөт. “Тегин жерден сөз чыкпайт”, - деп айтылат. Мисалы, бирөөнүн тегин сурап кел деп айтат. Анын өзүнө барып, “сенин тегиниң ким” деп айтпайт, “тегиң ким” дейт”, -деди Самыйкожо.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков фамилиясына “тегин” мүчөсүн кошуп катталган 230 гана жаран бар экенин билдирди. Мыйзам кабыл алынып калса, алардын фамилиясы өзгөрүүсүз кала берерин, өзгөртүү мыйзам кабыл алынгандан кийинки мөөнөткө тиешелүү болорун тактады.

Жыйында айрым депутаттар аты-жөндү жазуунун бул варианттары татаал болуп каларын айтышты. Депутат Алишер Козуев жарандын аты, фамилиясы жана атасынын ысымынан кайсы бири алдыда жазылышы керектигин тактап алууну сунуштады.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда аты-жөнүн жазуунун бир канча вариантына жол берилет. Жаран фамилиясына чоң атасынын ысымын жана ага “тегин” мүчөсүн кошуп каттала алат. Мындан тышкары “уулу”, “кызы” болуп жазылса болот. Ошондой эле “-ов,-ев, -ова, -ева” мүчөлөрү кошулган фамилияларды тандай алат. Ал эми башка улуттардын өзүнүн каада-салтына жараша аты-жөнүн тандоого уруксат берилет. (TAb)

Дагы караңыз

Баткен милициясы блогердин айткандарын териштирүү башталганын билдирдиБайден Пентагонго Украинага курал-жарак жеткирүүнү тездетүүнү тапшырдыУчак кырсыгынан улам 26-декабрда Азербайжанда аза күтүү жарыяландыРим папасы Рождестводо Газа, Украинадагы согуштарды токтотууга чакырды