Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы блогер Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордук-зомбулук көргөнүн айтканы тууралуу ички иликтөө иштери башталганын билдирди.
Мекеменин басма сөз катчысы Дамира Юсупова Жолболдуева колун кескен окуя 2022-жылы 13-мартта болгонун, бул боюнча “Тез жардам” чакырылып, медициналык жардам көрсөтүлгөнүн тактады. Бул окуянын негизинде ички иликтөө жүрүп, онго жакын кызматкерге чара колдонулганын белгиледи.
“Ал эми милиция кызматкерлери суу берген эмес, бирөөгө зордуктаткан деп жатпайбы. Азыр биздин ички иликтөө кызматы буга байланыштуу кызматтык териштирүүнү баштады, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет. Убактылуу кармоочу жайдын ар бир камерасында көзөмөл камералары бар. Андан бери эми канча убакыт өттү, эгер өтө орчундуу бузуулар болсо дароо ачыкка чыкмак”, - деди Юсупова.
Блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 25-декабрда түз эфирде 2022-жылы Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалган учурда зордук-зомбулук көргөнүн айтып чыкты. Ал абакта отурганда түрдүү кысымга кабылганын, жакындары алып келген тамак-ашты, кийим-кечени алып коюшканын айткан.
"Бул жайдын жетекчиси Эркин аттуу адам камераны тинтүү кылдырып, анаша таптырарын айтып басым кылды. Душка түшчү күн деп мени мончого алып киришти да, артыман Н.С. аттуу камакта отурган жаранды киргизип зордуктатты. Колунда учтуу бир нерсе бар болгондуктан өлтүрүп салат деп коркуп, каршылык көрсөтө албадым. Мен муну ажыдан келген Куран китепти кармап да айта алам. Мен күнөөсүз камалып, түрмөнүн ичинен түрмөгө салындым”, - деген Жолболдуева.
35 жаштагы Батма Жолболдуева - Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялаган блогер. Ал 2022-жылы мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан. Баткен милициясы ага аймактагы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
2023-жылы май айында Баткен облустук соту Батма Жолболдуева эки берене - “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча актаган. “Ээнбаштык” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылган. “Документтерди жасалмалоо” беренеси боюнча эки жылга эркинен ажыратылып, жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген. Бул өкүмдү кийин Жогорку сот күчүндө калтырганын Батма Жолболдуеванын мурдагы адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.