“Жылкычы чымчык” – экологиялык, руханий өксүктөрдүн күзгүсү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Журналист, ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Бегалы Наргозу “Жылкычы чымчык” аттуу толук метраждуу көркөм тасмасы аркылуу өзүн кинорежиссер катары таанытты. Кинотасма кыргыз коомундагы руханий жана экологиялык урунттуу көйгөйлөрдү көтөргөн.

Кинорежиссердун идеясын ондогон жылдар бою “бышырып”, 2023-жылдын этегинде чыгарган бул тасмасы 2024-жылы эл аралык ондогон кинофестивалдарга катышып, башкы жана ар кыл номинациялардагы сыйлыктарга ээ болду. Бегалы Наргозу алгачкы тасмасы “Жылкычы чымчыктын” таржымалы, кино тартуунун түйшүгү жана жемиши тууралуу “Азаттыктын” студиясында Бурулкан Сарыгуловага маек курду.