Башкы прокуратура Жазаларды аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы №21 мекемесинде (№1 тергөө абагы) 20-декабрда катталган окуя боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу 25-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекемеден билдиришкендей, текшерүү маалында айрым соттолгондор жана айыпталуучулар мекеме кызматкерлери тарабынан күч колдонуу фактылары болгондугун билдиришкен. Бул фактылар каттоого алынып, тиешелүү тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Маалыматта Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) кызматкерлери 20-декабрда аталган тергөө абагында мыйзамсыз сакталып жүргөн буюмдарды аныктоо максатында тинтүү иштерин жүргүзгөн маалда, айрым айыпталуучулар жана соттолгондор ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтүшкөнү айтылат. Бул боюнча тиешелүү документтер түзүлгөн.
ЖАКтын кызматкрелери тинтүү жүргүзгөн маалда 87 даана уюлдук телефон алынган. Анын ичинен 68 телефон тинтүү жолу менен табылса, 19 телефонду камактагылар өз эрки менен тапшырышкан.
“Айыпталуучулардын жана соттолгондордун денесинде жаракат бар-жогун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен Жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү кызматкерлерине карата юридикалык баа берилет”, – деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
Бир катар басылмалар жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары 20-декабрда №21 тергөө абагында (№1 тергөө абагы) соттолуучуларды жана айыпталуучуларды жапырт тинтүү жана уруп-сабоо болгонун жазып чыгышкан. Абактагылар буга жана ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде ачкачылык жарыялаганы маалымдалган. Камактагылардын жакындары тергөө абагынын алдына чогулуп, түшүндүрмө да талап кылышкан.
Акыйкатчы институту 23-декабрда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында отургандардан кабар алган. Мекеме абакта 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын айтышканын билдирген. Маалыматта эки адам К.Д. (ред: Кадырбек Досонов) жана Д.Ш. (ред: Данияр Шүкүров) тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун айтып, акыйкатчыга арыз менен кайрылганы баяндалган.
Жаза аткаруу кызматы 24-декабрда бул маалыматты четке кагып, Бишкек шаары жана Чүй облусундагы түзөтүү мекемелери менен убактылуу кармоочу жайларда отургандар мыйзамсыз жолдор менен пайдаланып келген 685 даана уюлдук телефонду, тыюу салынган буюмдарды өз ыктыяры менен өткөрүп беришкенин билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин 25-декабрдагы жыйынында коомчулукта тергөө абагында жана убактылуу кармоочу жайларда кармалып тургандар сабалып жатканы боюнча сөз болуп жатканын айтты. Эл өкүлү бул сөздөрдүн чын-төгүнүн билүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордон, Акыйкатчы институтунан маалымат угууну сунуштады. (ErN)