Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтордун Бишкекте жолугушуусу өтүп жатат

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтордун жыйыны. (Архивдик сүрөт)

Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоого материалдарды даярдоо үчүн Бишкекте иштеп жатат.

Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Баткен шаарында жаңы дайындалган облус жетекчисин активге тааныштыруу учурунда билдирди.

Камчыбек Ташиев 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаганын, жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

“2025-жылдын январь айынын аяк ченине чейин тиешелүү жумуштар аяктаса, Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн киргизилип, андан ары президентибиз кол койот. Март айында толук бойдон тапшырабыз деген үмүттөбүз”, - деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

11-19-декабрь күндөрү эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топторунун Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кезектеги жыйыны өткөн.

4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган.

Президент Садыр Жапаров 13-декабрда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маек берип, “талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду”, - деп айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (JsA)

Дагы караңыз

Сирияда козголоңчу топторду Коргоо министрлигине бириктирүү аракети жүрүүдөПарламентте жабык жайлардагы кырдаал боюнча маалымат угуу сунушталдыАлып баруучуну микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов милицияга жеткирилди