2024: Журналисттер камалып, талаштуу мыйзамдар кабыл алынды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2024-жыл кыргызстандык журналисттер үчүн оңой болгон жок. Temirov Live редакциясына тиешеси бар 11 журналист камалып, анын төртөө сотто жаза алды. Мындан сөз эркиндигине байланыштуу бир катар сунуштар айтылып, талаштуу мыйзамдар да кабыл алынды. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.