Мелони: Орусия ЕБде бүлүк салуу үчүн мыйзамсыз миграцияны колдонушу мүмкүн

Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони. 25-июль, 2024-жыл. Рим.

Орусия Евробиримдиктин коопсуздугуна бир гана аскердик коркунуч жаратпастан, шаркеттин ичинде бүлүк салуу үчүн мыйзамсыз миграцияны же башка көйгөйлөрдү колдонушу ыктымал.

Мындай пикирин Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони 22-декабрдын кечинде Финляндияда жасаган билдирүүсүндө айтты.

21-22-декабрь күндөрү Финляндиянын Лапландия аймагында Италия, Швеция, Грекиянын лидерлери жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчилери чогулуп, бир катар маселелерди, анын ичинде Европанын түштүгүндөгү миграция көйгөйлөрүн талкуулашты.

Жоржа Мелонинин айтымында, Украинадагы согуш аяктаса да Орусия Евробиримдикке коркунуч жаратууну уланта берет. Мындан улам шаркет буга даяр болушу керек.

“Душманчыл оюнчулар иммиграцияны кандайдыр опузалоонун жолу катары колдоно башташты. Биз бүгүн өз багытыбызды өзгөртөлү деп турабыз. Биз тышкы чек араларыбызды коргогубуз келет. Биз Орусияга да, башка кылмыштуу топторго да коопсуздугубузга бүлүк салууга жол бербейбиз”, - деди Мелони.

Буга чейин Евробиримдикке мүчө айрым мамлекеттер, анын ичинде Финляндия менен Эстония Орусияны Жакынкы Чыгыштан же башка өлкөлөрдөн келген мигранттарды өз аймагы аркылуу шаркеттин ичине өткөрүп жатканы үчүн айыпташкан.

Финляндиянын өкмөт башчысы Петтери Орло 1340 чакырымга созулган Орусия менен чек арасында коопсуздукту камсыздоо жалпы Евробиримдик жана НАТО үчүн маанилүү маселе экенин кошумчалады.

Дагы караңыз

Сербияда түмөндөгөн кишилер өкмөткө каршы акцияга чыктыГрузиянын президенти 29-декабрда кайра шайлоо дайындоого чакырдыКремль Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү планда жок экенин билдирди