Кремль Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү планда жок экенин билдирди

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жана Орусиянын лидери Владимир Путин. Хельсинки. 16-июль, 2018-жыл. Архивдеги сүрөт.

Кремль Орусиянын лидери Владимир Путиндин АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүсү планда жок экенин билдирди. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул тууралуу 23-декабрда ТАСС агенттигине айтты.

Трамп 22-декабрда "Путин аны менен тезирээк жолугушууну каалап жатканын" билдирген. Ал ошондой эле Орусиянын Украинага ачкан согушун токтотуу үчүн бардык чараларды көрөрүн кошумчалаган.

"Биз бул согушка чекит коюшубуз керек. Бул абдан жаман согуш", - деди Трамп жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзүндө.

Ал эми Путин өткөн жумада өткөргөн маалымат жыйында Трамп менен сүйлөшө элегине төрт жылдан ашканын, бирок аны менен качан болбосун жолугууга даяр экенин айткан.

Декабрь айынын башында дагы Трамп Украинадагы ок атышууну дароо токтотуу жана согушка чекит коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгын билдирген. Бул тууралуу ал Парижде Украина менен Франциянын лидерлери менен жолугуп жатып айткан. Украин президенти Владимир Зеленский биринчи кезекте Украина үчүн коопсуздук кепилдигин талап кылган.

Соңку жумаларда Орусия менен Украина ортосунда аба чабуулдар күч алды. Москва Украинанын аймагын дрондор жана ракеталар менен аткылоодо. Орусиянын армиясы негизинен жарандык жайларды жана энергетикалык инфратүзүмдөрдү бутага алып жатканы кабарланууда.

Ошол эле маалда Орусиянын бир катар облустары да дрон чабуулуна кабылды.

Дагы караңыз

Беларуста президенттикке талапкер катары Лукашенкону кошкондо беш киши катталдыАлагөзов: Президент Жапаров ЭТТКны ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырган Грузиянын президенти 29-декабрда кайра шайлоо дайындоого чакырды