Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили бийликтеги "Грузин кыялы" партиясын 29-декабрда кайрадан президенттик шайлоо дайындоого үндөдү.
22-декабрдын кечинде баш калаа Тбилисинин борбордук аянтында жасаган кайрылуусунда ал Орусияга ыктаган миллиардер, "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү, мурдагы өкмөт башчы Бидзина Иванишвилини президенттик сарайга жаңы шайлоонун датасын талкуулап алууга чакырды.
Декабрь айынын орто ченинде парламенттеги шайлоочулар коллегиясы 53 жаштагы мурдагы футболчу, оңчул популист Михаил Кавелашвилини жаңы президенттикке тандаган. Ал 29-декабрда ант берип, кызматка киришүүсү керек. Анткен менен 72 жаштагы президент, дасыккан саясатчы Саломе Зурабишвили ыйгарым укуктары быйыл аяктарына карабастан, жаңы парламенттик шайлоо өтмөйүнчө бийликтен кетүүдөн баш тартууда.
26-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгында "Грузин кыялы" партиясы жеңген. Аны оппозиция жана АКШ, Евробиримдик баш болгон Батыш мамлекеттери тааныган эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы митингге чыккан түмөндөгөн адамдарды бийлик күч менен таркаткан.
Зурабишвилини 2018-жылы "Грузин кыялы" партиясы көрсөтүп, жалпы элдик добуш берүү менен шайланган.
2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Зурабишвили бийликтеги партияны Киевге "жетиштүү колдоо көрсөтпөй жатканы үчүн" айыптап, оппозиция тарапка өткөн.
Дагы караңыз
Шыкмаматов ЭТТК кагазы беш товарга гана киргизилиши керектигин билдирдиКыргызстандын мамлекеттик карызы 6,6 млрд доллар болду