Сербияда түмөндөгөн кишилер өкмөткө каршы акцияга чыкты

Белграддагы борбордук аянтта өкмөткө каршы акцияга топтолгондор. 22-декабрь, 2024-жыл. Сербия.

Сербиянын баш калаасы Белградда 22-декабрдын кечинде өкмөткө каршы нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар бир нече жумадан бери чыгып жаткан Белград университетинин студенттерине тилектештик билдиришти.

Студенттер 1-ноябрдагы окуяга күнөөлүү адамдардын жоопко тартылышын талап кылып жатышат. Ноябрдын башында өлкө түндүгүндөгү Нови-Сад шаарындагы темир жол бекетинин чатыры кулап кетип, 15 адамдын өмүрү кыйылган.

Ички иштер министрлигинин эсебинде жекшембиде Белграддагы митингге 28-29 миңдей киши топтолду. Президент Александр Вучич Инстаграм аркылуу жасаган кайрылуусунда нааразылык билдирип түмөндөгөн кишилер чыкканын ырастады.

Чогулгандар андан тышкары өкмөттүн отставкасын да талап кылышты. Студенттерди колдоп чыккан оппозиция өкүлдөрү жана жарандык коомдун активисттери бекетти сапатсыз оңдоп-түздөгөнү үчүн бийликти күнөөлөп жатышат.

Студенттердин акциясы бир айдан бери уланууда. Төрт мамлекеттик университеттин 50дөн ашуун факультетинде окуу токтоп турат. Андан тышкары ондогон орто мектептер иштеген жок.

Бекеттеги кырсыкка байланыштуу 13 киши камалган. Алардын арасында мурдагы курулуш, транспорт жана инфратүзүм министри Горан Весич да бар. Кийин ал бошотулган.

Президент Вучичтин пикиринде, Белградда чогулгандар "оппозициячыл көз карашты карманууда".

Дагы караңыз

Шыкмаматов ЭТТК кагазы беш товарга гана киргизилиши керектигин билдирдиМилиция “Азаттыктын” кабарчылары суралган себебин түшүндүрдүБир жылда Өзбекстандын 500дөн ашуун жараны АКШдан депортацияланды