Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи сириялыктарды козголоңчулар түзүп жаткан өкмөткө каршылык көргөзүүгө үндөдү. Жекшемби күнкү сөзүндө ал өзгөчө Сириянын жаштары “бейстабилдүүлүктү жараткан жана ишке ашыргандарга каршы катуу турушу керек” деп билдирди.
Буга чейин Ислам жумуриятынын мамлекет башчысы Башар Асадды бийликтен төңкөрүүнүн артында Батыш турат деп айткан.
8-декабрда АКШ жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму баштаган Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар Асаддын режимин кулаткан. Президент ал күнү Орусияга учуп кетип, башпаанек алды.
Ал эми 25 жылдай бийликте турган президентти кулаткан күчтөр жаңы өкмөт курууга киришти. "Хайят Тахрир аш-Шам" бардык сириялыктардын укуктары сакталарына убада кылууда. Бирок Хаменеи акыр-аягында Тегеран менен байланышы бар топ жеңет деп эсептейт.
Талдоочулар Дамаск режиминин кулашы Иран үчүн чоң сокку болгонун айтышат.
2011-жылы жарандык согуш башталганда Тегеран Асадды бийликте кармап туруш үчүн миллиарддаган доллар сарптаган, аскердик кеңешчилерин жөнөткөн.
Ирандан тышкары Дамаск режимин Москва колдоп келген. Ал эми Түркия козголоңчу топторго көмөктөшүп турган.
Хаменеинин кеңешчиси Сирияны Иран менен Ливандагы “Хезболла” (АКШда террордук деп таанылган) уюмун байланыштырган чынжырдагы “алтын шакекче” деп атаганы бар. Эксперттердин пикиринде, “Хезболла” менен Израилдин урушунан улам ал чынжыр бошоңдоп калды.
Вашингтон Сириядагы бийликтин кулатылышына тиешеси бар деген маалыматтарды буга чейин эле четке каккан.
Дагы караңыз
Магдебургдагы трагедия: Шектүү исламга каршы көз караштары менен таанылганМетрону башпаанек кылган тургундар. Жол боюндагы базар (сүрөт баян)Чоң Аюу чапкан жол: "Ашар", КДК, "Өмүр көчү"